Никко Монтана мушкер Валентина Шевченко менен кармашууга даярдыгын жар салды

Кыргызстандык мушкер бразилиялык Присцила Кечоейраны жеңгенден кийин эле Никко Монтананы рингге чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Никко Монтана кыска убакыт аралыгында октагонго кайтып келип, чемпиондук курун Валентина Шевченко менен беттешип коргой турганын билдирди. Бул тууралуу BJPenn.com аралаш мушташ боюнча маалымат порталы жазып чыкты.

Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер бразилиялык Присцила Кечоейраны жеңгенден кийин эле алган жаракатынан улам дарыланып жүргөн Никко Монтананы рингге чакырган.

Антонина Шевченко кайрадан Lion Fight чемпиондук титулун коргомой болду
"Менин негизги максатым октагонго кайтуу. Бирок мен азыр кокустатып алган бутумду жакшылап дарылатып алышым керек. Өткөн жумада үч айдан бери биринчи жолу чуркап абдан сүйүндүм. Себеби бир аз мурда эле спортко кайта аламбы, эгер кайтсам дагы канча беттеш өткөрө алам деген суроолорду өзүмө берип жаткан болчумун. Эми болсо эртерээк клеткага кайткым келип жатат. Оюмча жай айларында чыгып калам. 7-июль күнү Вегаста өтө турган UFC226 турнирине катышам деген үмүтүм чоң", — деп мушкер билдирген.

Ал ошондой эле октагонго кайта турган күндүн датасы рентген анализдеринин жыйынтыгына жараша белгилүү болорун кошумчалаган.

"Шевченко мен даяр болгуча күтө алса эмнеге кармашууга болбосун. Мен анын фанаты болгом жана боло берем, бирок бул нерсе беттешке эч кандай таасир этпейт", — деп Монтана белгилеген.

Буга чейин UFC уюмунун президенти Дана Уайт эки мушкердин беттешине аз калганын билдирген болчу.