Көчмөндөр оюнун чагылдырууну каалаган чет элдик ЖМКларды каттоо башталды

Аккредитация 15-августка чейин жүргүзүлөт
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө боло турчу III Дүйнөлүк көчмөнөр оюндарын чагылдырууну каалаган чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо 15-марттан тарта башталды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, чет элдик ЖМКлар 15-августка чейин каттоодон өтүү үчүн анкета толтуруп, паспорттун копиясы менен сүрөтүн accreditation2018WNG@gmail.com дарегине жөнөтүшү керек. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин сайтынан www.mfa.gov.kg маалымат алууга болот.

"Аккредитациялык карталар 20-августтан 27-августка чейин ар бир кишинин өз колуна берилет. Аккредитациядан өтпөгөн чет элдик ЖМКлардын өкүлү иш-чараны чагылдырууга киргизилбейт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле толук маалыматты +996 312 626559 телефону аркылуу алууга болот.

Көчмөндөр оюндарына алгачкы коноктор дагы чакырылды.