Чалкан: унаа токтотуунун "чеберлери", жүзүн жашырган айдоочулар

Sputnik Кыргызстан агенттиги мындан ары ар бейшемби сайын жол тартибин сактабагандардын сүрөтүн жана видеолорун жарыялап турат
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Мектептеги "Тикенек" дубал гезити, айтылуу "Чалкан" журналы эсиңиздеби? Ушуларга чыгып калбасам экен деп далай киши безилдечү эле го.

Эми биз жол эрежелерин бузган айдоочуларды "Чалкан" рубрикасына чыгарып турабыз. Ага Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram мессенджериндеги "Бишкек сегодня" каналына келген жана социадык тармактардагы жол эрежелерин бузган унаалардын сүрөттөрүн, видеолорун жарыялайбыз.

Бул жолу туура эмес жерге токтотулган унаалар көбүрөөк кезикти.

Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин одоно бузуп токтоп алган BMW унаасы. 

Неправильная парковка в Бишкеке

Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишиндеги Mercedes-Benz W221. 

Неправильная парковка в Бишкеке

Токтогонго башка жерлер жетиштүүдөй эле көрүнөт. Кичирайондордогу короолордун бирине токтогон Toyota Ist. 

Неправильная парковка авто в Бишкеке

Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилиши. Mitsubishi Pajero унаасы. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Шопоков көчөсүнүн Чүй проспектиси менен кесилишкен жерине эки катар токтоп алган унаалардан баш адашат. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде унаалар өтчү жолго токтоп алган Lexus. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Ошол эле жерде дагы бир Lexus турду. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Абдрахманов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн алдына туура эмес токтогон жолтандабас. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Элдин жолун торогон унаалар. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Таштандылар көрүнгөн жерде чачылып жатса, бул эмне кылганы?

 

 

Башка айдоочулардын ыңгайын уруп ойнобогон жарандар. Скрябин көчөсүнүн бою.

​Ауэзов көчөсүндөгү "Чынар" базарынын жанында башка айдоочуларга тоскоол болгон таксисттер.

Кийинки топко жөө адамдар басуучу жол чийинди тоскондор кирди. Бул BMW үлгүсүндөгү унаа Ибраимов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде турат. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чийинге токтогон унаа. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Шаардын чок ортосунда жол эрежесин бузган айдоочунун "ак боз аты". 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Жол чийинге токтоп койгон дагы бир Mercedes-Benz. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Эми эмне дейбиз? Сөз жок.

Абдумомунов жана Тыныстанов көчөлөрүнүн келишилинде жөө адамдарга тоскоолдук жараткан Toyota унаасы. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке
 

Бишкекте жол чырактын жарыгын "айырмалабаган" айдоочулар аз эмес. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Бул унаанын айдоочусу Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде авариялык кырдаал жаратты. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Жукеев-Пудовкин жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактын кызыл өңүн тоготпогон айдоочулар. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Лев Толстой көчөсүндөгү (Жаш Гвардия бульвары менен кесилишет) "Геркулес" унаа оңдоо жайынын жаны. Айнектерин толугу менен караңгылаткан BMW. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Ошол эле жерден жүзүн "жашырган" дагы бир айдоочу байкалды. 

Неправильная парковка автомобилей в Бишкеке

Туура эмес жерге токтогонду оштук айдоочулар дагы жакшы көрөт. Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндөгү Кыргыз-өзбек университетинин жаны.

Москва жана Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жолдун ортосунан жүргүнчү салып алган айдоочу. 

Бишкекте бус троллейбустун айынан аялды коюп кетти. Видео