Борбор Азия ажолору эмне маселе боюнча жолугат. Президенттик аппараттын жообу

Иш-чарага төрт президент менен Түркмөнстан парламентинин төрагасы катышат
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Борбор Азия президенттеринин жолугушуусу туурасында КР өлкө башчысынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков брифингде билдирди.

Астана шаарында 15-мартта Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин жолугушуусу болуп, ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышат.

"Күн тартибинде аймакта актуалдуу болгон бир катар маселелер боюнча пикир алышуулар жүрөт. Негизги максат —кеңешүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүү, аймактардын позициясы боюнча бирдиктүү пикирге келүү", — деп айтты Сыдыков.

Ажолукка 100 күн. Сооронбай Жээнбеков эмнелерге үлгүрдү
Анын айтымында, жолугушууну жыл сайын, ар бир өлкөдө өткөрүү пландалууда. Алфавиттик тартипте алганда биринчи кезек Казакстанга тийген.

Жыйын жалпы майрам болгон Нооруздун алдында өтмөкчү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Ноорузду майрамдоого арналган жалпы билдирүү кабыл алынат. Анда коюн-колтук алышып кызматташууга умтулуу жана маселелерди биргелешип чечүү айтылат", — деп түшүндүрдү ал.

Жыйындын соңунда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасары айтылды.