Министрлик: Бишкек — Ош жолуна түшкөн көчкүнү тазалоого үч күн кетет

Көчкү түшкөн аймакта Ош тарапка бара жаткан 40 унаа кармалып турат
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы "Чычкан" капчыгайына түшкөн көчкү болжол менен үч күндүн ичинде тазаланып бүтөт. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 13-мартта түнкү саат 22.40дар чамасында "Чычкан" капчыгайында 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу толугу менен жабыган. Алдын ала маалыматтар боюнча адамдарды басып калган факты жок. Ал эми ӨКМдин билдиргени боюнча түшкөн көчкүнүн узундугу 250 метр, бийиктиги 50 метрге жетет.

"Түшкөн карды тазалоого жалпы жонунан жети техника тартылган. Жол алдыдагы үч күндүн ичинде тазаланып бүтөрү болжолдонууда. Трассанын эки тарабы тең жабылган. Көчкү түшкөн аймакта Ош тарапка бара жаткан 40 унаа кармалып турат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жолдун түндүк тарабындагы "Сосновка" постунда 40 оор жүк ташуучу жана 250 жеңил унаа токтоп турат. Ал эми түштүк тарабындагы "Арал" постунда 40 жеңил машина кармалууда.