Шаршембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Шаршембиде мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

"Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн 6…9 градус жылышы божомолдонууда", — деп жазылат маалыматта.

Чүй өрөөнүндө 1…6 градус жылуу болсо, Талас менен Нарын аймагында 0…5, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 5…10, Ысык-Көлдө 4…9 градус нөлдөн жогору болот.