Бюджеттен уурдалган 217 млн. сом: кармалган салыкчылар иштен алынды

Салык кызматынын беш өкүлү бюджеттен ири сумманын уурдалышы боюнча кармалган
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган беш салыкчы ишеничтен кеткендиктен фискалдык органдардан кетирилди. Бул тууралуу Салык кызматынан маалымдашты.

Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов кол койгон.

УКМК дагы бир аткаминерди коррупцияга айыптап колго түшүрдү
Салыкчылар кызыкчылыктардын кагылышын өз маалында жоюп жөнгө салбагандыгы, ошондой эле бюджеттен каражатты мыйзамсыз чыгаруу жана уурдоо боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинен улам ээлеген кызматтарынан кетирилген.

Буга чейин айрым юридикалык жактар салык органдарына Кытайдан келген товарларга кошумча нарк салыгы боюнча жалган отчетторду тапшырып турганы маалымдалган. Иш жүзүндө кошумча нарк салыгы төлөндү делген товарлар ири соода-база комплекстериндеги ишкерлерге таандык болгон.

УКМКнын маалымдашынча, коррупциялык схемага Салык жана Бажы кызматтарынын, Экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн тийиштиги бар.

Коопсуздук кеңеши коррупция менен күрөшүү аракеттеринин алкагында укук коргоо органдарында иштеген жетекчилердин мүлкү текшерилерин жар салган.