Непалдагы авиакырсыктан кеминде 39 киши мерт кетти. Видео

Учак Катмандунун эл аралык аэропортуна жетпей, анын жанындагы футбол аянтчасына түшкөн
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Дакка — Катманду багыты боюнча учкан Бангладештин US-Bangla авиакомпаниясынын учагы Непалда кулап, кеминде 39 киши каза болгонун РИА Новости агенттиги өлкөнүн полициясына таянуу менен билдирди. 

Кадры с места падения пассажирского самолета в Непале

"31 жүргүнчүнү куткарып, ооруканага жибердик. Сегиз киши ооруканада каза болду. Дагы 31 жүргүнчүнүн сөөгү учактан чыгарылды", — деп айтылат полициянын маалыматында.

Учак Катмандунун эл аралык аэропортуна конуп жатканда учуп-конуу тилкесине эмес, аэропорттун жанындагы футбол аянтчасына түшкөн. Учак жерге урунгандан кийин жалын чыгып, куткаруучулар тартылган.

Учурда каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда.

Буга чейин Россиянын Подмосковье аймагында болгон авиакырсык видеокөзөмөлгө түшүп калган.