Эркектер алдан тая баштады! Тогуз-Тородо алтын ылгоочу заводго каршы митинг өттү

Жергиликтүүлөр ал жерден чыккан уулуу заттардын кесепетинен балдар тубаса майып болуп төрөлүп, эркектер алсыз боло баштаганын айтууда
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бүгүн, 10-мартта, Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган райондун Арал айылынын тургуну Нурлан Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүүлөр кытайылк компания кура турган алтын ылгоочу жаңы заводдун курулушун токтотууну талап кылган. Чогулгандардын саны 500гө чукулдайт.

1 / 3
Бүгүн, 10-мартта, Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышты.
2 / 3
Жергиликтүүлөр кытайылк компания кура турган алтын ылгоочу жаңы заводдун курулушун токтотууну талап кылган.
3 / 3
Чогулгандардын саны 500гө чукулдайт.

"Бул завод курулуп калса "Макмал" алтын кенинен чыккан уулуу калдыктар эле эмес, башка аймактардан да ташып келип иштетишет экен. Калктуу конуштун аралыгы үч-төрт чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө алтын кенден чыккан калдыктар ташталган жайдан уулуу заттар чыгып балдар оорулуу, майып болуп төрөлүп жатат. Эркектер алсыз боло баштады. Завод иштеп калса элдин баары кырылып калбайбы?! Район акими жана башка бийлик өкүлдөрү келип текшерип чыга турганын айтышты", — деди Молдалиев.

Кадамжай: алтын кенин кытайлык компаниянын иштетүүсүнө эл каршы чыкты
Митингге чыккандар саат 14.00дө кайра тарап кетишкен.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов менен байланышканда "азыр эч нерсеге жооп бере албайм" деп телефонду коюп койду.

Казарман айылынын эли 1-февралда да ушундай талап менен митингге чыгышкан.

Эске салсак, учурда Тогуз-Торо районунда "Макмал" алтын кени иштейт.