Спортчу Мээрим Момунова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спорттогу жолу, үй-бүлөсү, жеке жашоосу жана алдыдагы пландары тууралуу маек куруп берди.
— Мээрим, былтыр сиз үчүн жемиштүү жыл болду. Быйыл алдыга кандай пландарды койдуңуз?
— Чоң максаттарымдын бири күзүндө Индонезияда өтө турчу Азия оюндарына жана Көчмөндөр оюнуна катышуу. Азыр бир аз сыркоолоп жүрөм. Саламаттыгымды ордуна келтирип алсам республикадагы мелдештерден калбай катышам.
— Ири мелдештерге катышуу үчүн өлкө ичинде биринчи аталуу керек. Кыргызстанда сиздин салмак чениңизде атаандаш күчпү?
— Мен килемге 60-65 килограмм салмакта чыгам. Кээде кыздар ошол салмактан өйдө көтөрүлүп же түшүп кеткен учурлар болот. Атаандаштык болбосо өсө албайсың. Килемге кандай гана кыз чыкпасын, ал мага атаандаш. Өзүң профессионал болсоң да, кээде жаңы чыгып келе жаткан балбанга утулуп каласың. Ошондуктан бардык учурда кооптонуу болот. Мен үчүн атаандаштарымдын бардыгы күчтүү. Кыргызстан кичинекей, балбан кыздарыбыз дагы саналуу. Бири-бирибиздин күрөшүү ыкмаларыбызды жаттап алганбыз. Бирок ким көбүрөөк мээнет кылса, жеңиш ошонуку.
— Бир эле учурда спорттун алыш күрөшү, дзюдо жана кросс-фит менен алектенет экенсиз. Бардыгына кантип жетишесиз?
— Каалоо болсо убакыт да табылат. Кросс-фит — менин эртең мененки машыгуум. Бул боюнча бизде мелдештер абдан аз өтөт. Болсо катышайын деген ниетим бар. Алыш олимпиадалык спорттун түрүнө кирбегендиктен эл аралык турнирлер менен чектелебиз. 16 жашыман тарта дзюдо менен алектенип, тогуз ирет өлкө чемпиондугун багындырдым. Ал жактагы ыкманы деле алышта колдоно алдым. Дзюдонун эрежелери япон тилинде болсо, алыш кыргыз тилинде болгондуктан жүрөгүмө жакын кабыл алам.
— Бирок дзюдо менен Олимпиадага катышуу мүмкүн да?
— Дзюдодо жыйынтык көрсөтүү кыйын, атаандаштык күч. Олимпиада оюндарына катышуу үчүн ири турнирлерге катышып упай топтошуң керек. Менде байма-бай турнирлерге катышууга мүмкүнчүлүк жок.
— Спорттон тыш суроо берейин. Үй-бүлөңүз тууралуу кеп салсаңыз?
Башында апам дене-башымдагы жаракаттарды көрүп залга барышыма каршы болуп жүрдү. Атам волейболду жакшы көрөт. Мага спорт жаатынан каршылык көрсөткөн жок. Бирок мелдештеримди көргөнү келишпейт. Атам эмоционалдуу адам. Бир жолу ата-энем менен таенем турнирге келгенде мен утулуп калгам. Ошондон кийин биз келсек утулуп калат экенсиң, үйдө эле болуп туралы деп тамашалашкан.