Бишкекте канаттууларга уя жасоо боюнча сынак башталды

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылып, уялар шаардагы парктарга орнотулат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Борбор калаада чымчыктарга уя жасоо боюнча сынак жарыяланганын "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Ош шаардык мэрия Ноорузга карата кароо-сынак жарыялады. Шарт-талабы
1-апрелге чейин боло турган сынакка шаар тургундары катыша алат. Каалоочулар жыгач уяларды Бишкек шаарынын Ташкент көчөсү, 17 дарегине алып келүүсү керек. Эмгеги мыкты деп аныкталгандарга баалуу белектер тапшырылып, уялар калаадагы парктарга орнотулат.

Иш-чара 1-апрель  —  Канаттуулардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулууда.