Алгач активисттер иш-чараны шаардын борбордук аянтында өткөрүүгө ниеттенишкен. Бул жерде калоочулардын баары даярдалган тамактан ооз тие алышмак. Бирок шаар муниципалитети санитардык нормалар менен коопсуздук чараларынан улам "Ала-Тоо" аянтына өткөрүүгө тыюу салган. Мындан тышкары, бул ири тыгындын шартташы мүмкүн болчу.
Экерте кетсек, буга чейин 100 метрлик чучук даярдалары айтылган. Уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева 100 метрлик чучук казак боордоштордо даярдалып, рекорд коюлганын, эми 110 метрлик кылып жасап аны жаңылоо планы бар экенин белгиледи.
Ушу тапта иш-чаранын уюштуруучулары 8 жылкынын этин бышыруу менен алек. Ага Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү көз салып турат. Ашпозчулар атайын форма, баш кийим жана кол кап кийип, бардык эрежелерди сактоодо.