"Неберелерим алтын кыздар. Ашыкча 10 сом да сурап коюшпайт, мектепке жөө барып келишет", — деди секелектердин чоң апасы. Карачач апанын жети небереси, бир келини жана эки майып уулу бар.
Бул үй-бүлө кимдир бирөөнүн каргышына калгандай, кырсыктын артынан кырсык басат. Карачач Касымованын бир уулу кокусунан көзүнө бычак кирип жабыркаса, экинчиси овчарка итинин кол салуусунан майып болуп калган.
Бүгүн бул үй-бүлө каражатка муктаж болуп турган чагы. Кышында от жагуу үчүн жалгыз уюн саткан. "Кичинекей кагазды да көз жаздымда калтырбайбыз, баарын мешке жагабыз. Үшүсөк да эптеп кыштан чыктык", — дейт чоң апа.
— Балалыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
— Ат-Башыда интеллегенттердин бүлөсүндө туулгам. Атам башкы бухгалтер, апам балдар менен үйдө болчу. Жети кыз, бир уул элек. Мектепти аяктаган 70-жылдары Фрунзеге келип окууга тапшырдым. Дарыгер болгум келчү. Өтпөй калганда абдан катуу кейигем, анын үстүнө мектепти жакшы бүткөм да.
Айылга кайткым келбей шаарда калып калдым. Атамдын агасынын үйүндө жашачумун, "Юбилейный" дүкөнүнө сатуучу болуп орноштум. Ушундай сулуу элем! Чачым тиземе жетип, ак чепчик, халат, анан тааныш стюардессам Фрнациядан алып келип берген кызыл шым. Дүкөндүн башчысы мени катуу көзөмөлдөп турчу: "Карачач, каякка барасың? Киногобу? Мен мени менен барам". Көрсө мени келин кылып алайын деп жүрүптүр да. Уулу менен үч эле жолу көрүшкөнбүз, андан кийин мени ала качып кетти.
— Совет мезгилинде да ала качуу деген бар беле?
Отурбай көпкө чейин ыйладым. Мен айылдан келип, орусча билбейм, тиги бала кыргызча сүйлөбөйт. Ушундай кантип болсун! Анан кемпир-кесек алды-артыма түшө баштады, акыры мени макул кылышты. Үчүнчү күн дегенде эжем милиция менен келди, бирок мен кетүүдөн баш тарттым. Айтор, ошентип баш кошуп, беш баланын ата-энеси болдук.
— Уулуңуз атасы менен бир эле убакта каза болгон экен…
— Балам 7 жыл мурун 20-декабрда көз жумса, күйөөм 1-январда каза болду. Уулум жакшынакай бала эле, кыйналып төрөгөм… Анда операция деген жок, вакуум менен сордуруп алышчу. Мындай жол менен төрөлгөн балдардын жүздөн бири гана нормалдуу болот экен. Мага Кудай бир берген да, баламдын акыл-эси, өрчүшү кадимкидей эле…
Бир гана нерсеге ичим ачышат. Мектепте окуп жүргөн кезинде бир ырды жаттабай барганы үчүн эки алыптыр. Мен ачууланып кур менен көгала болгуча сабадым эле. Азыркыга чейин уялам.
Балам таксист эле, жаны тынбай иштечү. Ашказаны начар болчу. Төрт жыл дарыланып жүрүп, акыры дарт жанын алып тынды… 32 эле жашта болчу. Атасы "мен төрт жолу операция болуп аман калдым го, Кудай эмне мени албай баламды алып кетти…" деп аябай күйдү. Бир нече күндөн кийин артынан кете берди.
— Анан кандайча эки небере кызыңыз сиздин колуңузда болуп калды? Энеси бар эле да?
— Баламдын кыркынан кийин келиним энесиникине кетип калды. Андан кийин өзүнөн 10 жаш кичүү балага турмушка чыкканын уктук. Эмне дейт элем… Уулум жок…
— Кыздарына каралашып турдубу?
Келиниме эне деген балдарын таштабайт деп какшайм. "Жок дегенде бир байпак сатып берип койсоң боло, чоңойгон сайын жеген-ичкени көбөйөт… Бирдик салып койчу" дейм. Тигүүчү болуп иштейт, бир жумада 6 миң сом табат экен.
— Антсеңиз эмне дейт?
— Мен силерге бир нерсе айтып берейинчи… Келиним кийинки турмушунан балалуу болду. Анан кичүү неберемди "апаңа каралаш" деп жибердим. Ал жактан кызымдын псориазы күчөп кетиптир. Келиниме: "атайын шампунь менен мазь алыш керек, 2 115 сом экен, мен 115ин берейин, сен калганын төлө" десем таптакыр унчукпай койду. Неберемди алып кетип, эптеп акча таап, дарыладым. Бир айдан кийин кызым куландан соо айыгып кетти.
— Экинчи балаңыз да кырсыктаптыр…
— Бир жаш төрт айында короодо ойноп жаткан. Бир маалда ызы-чуу болуп кетти. Көрсө балам газ алып келген унаанын артына отуруп калыптыр, айдоочу аны көрбөйт… Айтор, кайынсиңдим канжалаган баламды көтөрүп бакырып-өкүрүп кирип келди.
Ооруканада көпкө жаттык. Буту калыбына келгени менен колу алигиче түз болбойт. Жетиге чыкканда дагы кырсыктадык. Ойноп жатканда беш жаштагы иниси бычак сунат. Балам башын көтөрө койсо, учу көзүнө кирип кетиптир. Ошондон бери бир көзү көрбөйт. Бирок майыптыгына карабай маршрутка айдагандарга эл чогултуп берип, даарат кагаз чыгарган цехте иштеп акча табат. Азыр эч жакка деле чыгарбайм.
— Үчүнчү балаңыз да кайтыш болуп кетиптир…
Акчага үй алалы десек, ошол маалда улуу балам менен күйөөм каза болуп калды. Бахтияр троллейбустун айдоочусу болуп ишке орношту. Айлыгы аз болчу, 15 миң сомду тегерегинде эле, бирок ошол акча баарына жетчү. Анан эле балама суук тийиптир. Дарыгерлер менингит дешти. Келиним төрт ай бою жанынан жылган жок…
Бир күнү ооруканага келсем, сүйлөбөй калыптыр. Кулагына "Бахтияр" десем, бери бурулуп "апа" деди да, колуман өөп кайра ары карап жатып калды, Ошол жерден эч-учумду жоготуп жыгылыптырмын. Инсульт.
Алты күн реанимацияда жаттым, бир айдан кийин гана уулуман ажырып калганымды айтышты. Артында үч кызы калды. Бахтияр каза болгондо келинчеги да жатып калды: нервден улам бели кыймылдатпай калыптыр. Ден соолугу бир топ эле начарлап кетти, майып, азыр мени менен жашайт, кээде бала карап анча-мынча акча табат.
— Кызыңыз Түркияда иштейт экен?
— Ооба, ашпозчу, жесир калды. Анын эки баласы да мени менин турат. Бир жылда бир жолу акча салып, жайында балдарды окууга даярдашканы келет.
— Төртүнчү балаңызчы?
— Футболчу болмок. Мен Россияга иштегени кеткенде 1-класстан 5-класска чейин ошол жакта окуган. Машыктыруучусу: "Кыргызстанга алып кетпегиле, ушул жерде ойносун, жатаканадан бөлмө беребиз" деп аябай суранды. Баламды бөтөн эл, бөтөн жерге кантип таштап кетмек элем деп болбой койдум. Кийин гана бармагымды тиштеп өкүндүм да…
Кыргызстанга келдик. Уулум эжеси менен сейилдеп жүргөндө килтейген овчарка кол салат. Баламдын бутун тиштеп, кемирип ийген экен. Ошентип балам майып болуп калды. Анысы аз келгенсип, кийин унаа коюп кетти. Ошого карабай иштечү. Бир күнү жумуштан келе жатып балдардын мушташып жатканын көрөт. Арачага түшө калса, шилтенген балта колуна тийип бармагы кесилип калыптыр… Операция болуп, дарыгерлер тигип беришти, азыр үйдө.
— Кандайча үйү жок калдыңар эле?
2000-жыл эле, "Түштүк-2" кичирайонунда жашачубуз. Бир аткаминер 4 миң доллар сунуштады. Эки бөлмөлүү үй таап, сатуу боюнча документтерге кол коюп бердим. Бирок алданып калдым. Акчамды бербей, берсе да бөлүп-жарып атып алдым. Бирок ошол маалда батирлер кескин кымбаттап кетип, акча эч нерсеге жарабай калды.
Баса, коңшуларыбыз кийин биздикиндей эле батирди 100 миң долларга сатышты. Азыркыга чейин өзүмдү жемелейм… Ушу тапта мен, жети неберем, эки уулум, келиним болуп Канттан 8 миң сомго ижарага үй алып жашайбыз. Дагы жакшы, ушул үй табылып калды, көп бүлөлүү кишини ким эле киргизгиси келсин.
Жергиликтүү бийликке жер бөлүп бергиле деп кайрылдым. Кабинетте эки аял отуруптур. "Апа, жерди эмне кыласыз? Карып калыптырсыз. Андан көрө балдарды интернатка өткөрөлү, сиз карылар үйүнө барыңыз. Пенсияңыз да өзүңүздө калат" дешти. Дене-боюп дүркүрөп кетти. "Рахмат. Азырынча басып-тура алам… Уятыңар жок экен!" деп чыгып кеттим. Калчылдап баса албай, коридордо диван бар экен, ошого отуруп калдым. Жаныман өтүп бараткан бир кыз эс алдырып, суу берип, үйгө жеткирип койду…
— Бишкектеги акыркы кондукторлордун бири болуптурсуз?
— 2005-жылы Россиядан келип, "Ош" базарынан жанынан өтүп баратсам "Кондуктор керек" деген жарыяны окуп калдым. Эртеси барсам эле кабыл алышты.
Кондуктордун жумушу оор — таңкы беште башталып, түнкү 12ге чейин иштейбиз. Акчасы аз эле, мындан улам акыры бүтүндөй Бишкекте үч эле кондуктор калганбыз. Инсульттан кийин деле иштеп, балдакчан туруп алып акча чогулутуп жүрдүм. Жетекчилик урушчу. Кантип үйгө отуруп алат элем, баламдын бир дарысы эле 2,5 миң сом турса! Акыры кызым болбой атып, жумуштан кеттим. Иштебей калганыма жарым жыл болду. Калган кондукторлорду да жумуштан алышыптыр деп уктум… Азыр мэр кайрадан кондукторлордун штатын калыбына келтирүүнү пландаштырып жаткан экен, бирок мен эми ал жакка барбайм. Жаштар иштесин.
— Азыр кантип күн кечирип жатасыңар?
Мындан кийинки күн кандай болорун билбейм… Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет дечи… Карыдым, ооруп да жүрөм. Балдарымдын эле көзү тирүү болсо эмне…