Азыр Instagram барагын ачарың менен Келдибай абамдын жайытта жайылган койлорундай болуп көз күйдүргөн сулуулар жайнап чыгат. Чекеден тандап таанышып кучагыңа кыскың келет. Бирок бир эле нерсе тоскоол болот да. Алар сенин жазган катыңа "А" же "Б" деп жооп берип койбой кууратат. Суктанып гана кала бересиң. Айлаң кеткенде ал жөн гана сулуу, ага бактылуулук керек эмес окшойт деген ой пайда болот. Болбосо, алардын кыялы капчыгы калың, капкара унаада койкоюп жүргөн балдар деп ойлойсуң. Жо-оок… Антейин десең, ал деле адам экен, ой, "адам экен" дейм да бактылуу болгусу келет турбайбы. Бир карасаң эле башканын колун кармап үлпөт көйнөкчөн турган сүрөтүн жүктөп калат. Кокуй, аларга анча эмне башымды оорутуп жатам. Кимдин жары болсо да бактылуу өмүр сүрүп бир жаздыктан чачтары агарсын. Ар ким өзүнүн бешенесине жазганын көрөт, же буга чейин кандай жүрсө ошонун жемишин жейт.
Бир күнү Азаттын фотоаппараты сыйкырланып, кайсы кызды тартса, ошол замат аны сүйүп айланчыктап жанынан чыкпай калат. Суусап турган балдар жөн коёбу, далай кыздын башын айлантты го, чиркин. Азаттын мага окшоп маймылдан бир аз эле сулуураак досу Сапар сыйкырдуу фотоаппараттын жардамы менен шоу бизнес жылдызы Асел Кадырбекованын жүрөгүн багындырып алат. Эми ошондой фотоаппарат менин колума тийип калганын элестетип көрүңүз. Ии… кандай элестеттиңиз? Ал жагы белгилүү, "кыздардан коллекция түзмөксүң" дейсиз да. Макул, анча табышмак кылбай өзүм айта берейин. Instagram тармагындагы ажарлуу бийкечтердин артынан кууп барып тартаар элем. Анан сыр бербей, бой көтөрүп артымдан ээрчитип, мурда жазган катыма жооп бербегени үчүн өч алмакмын.
Бүгүн, 8-март, аялдардын эл аралык майрамы. Көчөгө чыксаң кыздар сол колуна гүл, жумшак мамалак, шоколад кармап, оң колу менен жигитин, же күйөөсүн колтуктап басып жүрүшөт. Аларды карап тим эле жашагың келет. Аялдардын бешенесине күн да чайыттай ачылды. Facebook тармагында отурган бир байкем "жылда 8-мартта жамгыр жаачу эле, быйыл күн ачык го. Шакмарлар оңолуп калышкан окшойт, ээ?" деп жазыптыр. Аны окуп күлкүмдү тыя албай кыйла отурдум.
Башкы каармандар Анвар Осмоналиев, Датка Иминова, Эмил Токтошев, Айзада Жамгырчиева, Асел Кадырбекова жана Кайрат Дүйшөбаев. Тасмада жалаң жаштар ойногон. Көрүп отуруп айрым кадрлардан техникалык катаны байкаганда "кой аксагы менен миң" деп көз жуумп койдум. Негизинен алганда көрсөңүз өкүнбөй чыгасыз!