Президенттин агасынын ордуна Куйветке жаңы элчи дайындалды

Аталган кызматты буга чейин аркалап келген Жусупбек Шарипов ноябрда Украинага элчи болуп дайындалган
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп Самаргүл Адамкулова дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 7-март күнү кол койгон.

Буга чейин Адамкулова Кыргызстандын Индия жана Непалдагы элчи кызматын аркалап келген. Ал эми Кувейтте Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп келген Жусупбек Шарипов былтыркы жылдын ноябрь айында Украинага элчи болуп дайындалган

Шарипов президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы.