Эрегишкен эрендер, алышкан алптар. WEF турниринен сүрөт түрмөгү

Sputnik

WEF Global 11: мушкерлердин аңтара тээп, маңдай жарган соккулары видеодо
Кыргызстандык Ариет Бекишов (57 кг) чемпиондук курун коргоо үчүн Мырзаммидин Пазылов менен чыгып утулуп калды. Ал эми турнирдин башкы окуясы болуп оор салмактагы мушкерлер — кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценконун беттеши болду. Натыйжада Жээнбеков жеңүүчү аталды.

Турнирге Орто Азиянын, Россиянын, Украинанын жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

1 / 19
Эрендердин эр таймашын эл аралык класстагы калыс Садык Аширов тейлеп жатты
2 / 19
Мушкерлер өздөрү каалаган чолок шымды кийди. Негизи белгилүү спорттук уюмдарда бирдиктүү форма каралган
3 / 19
Эки мушкер тең жеңдим деген ойдо желек жамынып туруп алган. Бирок кыргызстандык спортчунун гана колу көтөрүлдү
4 / 19
Сегиз бурчуктун капталындагы калыстар. Булар кошумча упай да эсептейт
5 / 19
Юрий Проценко атаандашы Тилекти жерге жыгып коколоп аткан кези
6 / 19
Кайруу, муунтуу, толгоо... мунун баары ММА турниринде каралган
7 / 19
Мушкерлердин колундагы манжалары жок спорттук кол кап — рашгард
8 / 19
Жеңишти камсыздаган Нурлан Курманалиев
9 / 19
Кыргызстандык Муса Юсупов тыныгуу убагында
10 / 19
Кыргызстандык Санжар Ажыбаев менен казак мушкери Санжар Эркиновдун кыл чайнашкан кармашы
11 / 19
"Рико" каймана аты менен таанымал кыргыз спортчусу Ринат Саякбаев дагы маанилүү турнирге катышты
12 / 19
Алптардын отурганы... 93 килограммдан өйдө салмакта беттешкен кыргызстандык Жыргалбек Чомонов менен казакстандык Николай Ибрагимов
13 / 19
Эл күткөн тирештин каарманы Тилек Жээнбеков тайпасы менен октагонго басып келди
14 / 19
Дагы бир каарман Юрий Проценко! Бул жигит сегиз бурчтукка ар дайым бийлеп келет
15 / 19
ММАди спорт дейбиз... Бирок чектен ашкан да учур болуп кетет. Дене-башы канга боелгон Проценко
16 / 19
Чемпиондук кур үчүн кармашкан кызуу кармашууга түшкөн Жээнбековдун деле денеси таза чыккан жок
17 / 19
Төртүнчү раундда жеңишке жеткен Тилек Жээнбековдун сүйүнүчүндө чек жок
18 / 19
Белгилүү мушкерлердин бири Бусурманкул Абдубаит уулу бир клубда тарбияланган иниси Мырзамидин Пазыловго жана агасы Тилек Жээнбековго жан тартып турган учуру
19 / 19
Чемпиондук курун коргомокчу болгон Ариет Бекишов Мырзамидин Пазыловго утулуп калды