Пазылов WEF чемпиону Бекишовду жеңип, курун тартып алды

Кыргызстандык мушкерлер WEF уюмунун чемпиондук наамы үчүн эң жеңил салмакта күч сынашты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. WEF Global 11 эл аралык турниринин башкы беттешинде “Чаян” каймана атка ээ Мырзамидин Пазылов “Карышкыр” Ариет Бекишовду утуп, чемпиондук курга ээ болду.

Мушкерлер үчүнчү раундга чейин бири-бирине катуу чабуул жасашкан жок. Төртүнчү раундда беттеш жанданып, партерде ыкмаларды колдонуу аракетине өтүштү. Натыйжада бешинчи раундда Пазылов жеңишке жетти. 

1 / 2
WEF Global 11 эл аралык турниринин башкы беттешинде “Чаян” каймана атка ээ Мырзамидин Пазылов “Карышкыр” Ариет Бекишовду утуп, чемпиондук курга ээ болду
2 / 2
Мушкерлер үчүнчү раундга чейин бири-бирине катуу чабуул жасашкан жок. Төртүнчү раундда беттеш жанданып, партерде ыкмаларды колдонуу аракетине өтүштү. Натыйжада бешинчи раундда Пазылов жеүишке жетти.

Кыргызстандык мушкерлер WEF уюмунун чемпиондук наамы үчүн эң жеңил салмакта күч сынашты. Ал эми оор салмактагылар арасында кыргыз спортчусу Тилек Жээнбеков украиналык Юрий Проценкону жеңип чемпиондукту багындырган.

Бишкекте аралаш мушташ боюнча WEF Global 11 турнири өттү. Тексттик трансляция
Эске сала кетсек, Бекишев менен Пазылов 2017-жылы 8-сентябрында WEF Global турниринде чемпиондук кур үчүн беттешмек, бирок Пазылов алган жаракатына байланыштуу күч сынаша албай калган.

Анын ордуна Бекишев казакстандык Рустам Сайдуллаев менен чыгып, үчүнчү раундда WEF версиясы боюнча дүйнө чемпиондугун багындырып алган.

Ал эми өткөн жылдын 22-ноябрында болгон WEF Global 10 турниринде Мырзамидин Пазылов ошол эле Рустам Сайдуллаевди биринчи раундда уткан.

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча Ариет Бекишев 7 жолу профессионалдуу беттеште утса, Пазылов 7 жолу утуп, эки жолу жеңилүү ызасын тартып калган.