БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жеке компаниянын учагы авариялык абалда конгондон кийин башка компаниялардын аба кемелери атайын текшерүүгө алынган жок. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 1-март күнү Бишкек — Баткен каттамындагы Tez Jet компаниясына тиешелүү учак авариялык абалга байланыштуу орто жолдон артка кайтып, "Манас" аба бекетине конгон.
"Аталган окуядан кийин Кыргызстандагы авиакомпаниялардын учактарына атайын текшерүүлөр жүргүзүлгөн жок. Анткени алар маал-маалы менен пландык кароолордон өтүп, ар бир сапар алдында текшерилет", — деп Транспорт министрлигинен түшүндүрүштү.
Кошумчалай кетсек, ушул тапта өлкөдө расмий түрдө төрт авиакомпания иштеп жатат. Алар: "Эйр Кыргызстан", "Эйр Манас", "Авиатрафик" жана "Тез жет". Бирок "Тез жет" өлкө ичинде гана учууларды аткарат. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, "Эйр Манастын" — эки, "Авиатраффиктин" — беш, "Тез жеттин" — үч учагы бар. Ал эми мамлекеттик жалгыз компания "Эйр Кыргызстан" былтыркы жылдын ноябрь айында көзгө басар учагы ремонтко туруп калгандан кийин учууларын токтоткон.