БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Сириядагы Хмейми аэродромунда шаршемби күнү россиялык Ан-26 үлгүсүндөгү учак кырсыктады. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип жазып чыкты.
Самолет конуу учурунда кырсыктаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бортто 26 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Бардыгы көз жумду.
"6-мартта саат 18.00дөр чамасында (Бишкек убактысы) Хмейми аэродромунан россиялык Ан-26 үлгүсүндөгү учак кырсыктады", — деп айтылат маалыматта.
Учак учуп-конуу тилкесине 500 метр жетпей жерге урунган.