БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзү да, бир тууганы Асылбек Жээнбеков да КСДП курамынан чыкпай турганын билдирди.
Бүгүн, 6-март күнү, президент өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен "суроо — жооп" иретинде жолугушту. Бир катар суроолордун катарында "Сиздин бир тууганыңыз Асылбек Жээнбеков КСДПга теңата болчу партия түзөт деген имиштер жүрүүдө. Сөздүн канчалык чындыгы бар" деген собол болду.
"Мен Асылбек сыяктуу эле 20 жылдан бери КСДП курамындамын. Кыйын кезеңде туруп бергенбиз. Партиядан чыгуу оюбузда жок. Жаңы партия түзүү тууралуу да сөз болгон эмес. Бул жөн гана айың кеп", — деди президент.
Ал КСДПны эч убакта таштабай турганын, бирок ушу тапта партияга мүчө эмес экенин кошумчалады.
Дагы бир ЖМКнын жетекчиси Сооронбай Жээнбековдун экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы мамилеси кандай экенине кызыкты.
"Биз 20 жылдан ашуун убакыттан бери доспуз. Башыбыздан көп нерсе өттү. Көз карашыбызда эч кандай келишпестик жок. Айрым маселелерди кеңешип турабыз", — деди өлкө башчы.
Эскерте кетсек, ушул эле жолугушууда президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун отставкасы тууралуу да пикирин билдирген.