Президент Жээнбеков Казакстанда кармалган ЖК депутаты боюнча үн катты

Өлкө башчы казак тарап тергөө амалдарын объективдүү жүргүзөрүнө үмүт артарын билдирди
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутатынын Алматыда камалышын абдан оор кабыл алганын ЖМКлардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал ошондой эле Казакстан тарап депутат казак жараны экени тууралуу маалымат бергенин эскертип өттү.

"Казакстандык туугандар тергөө амалдарын акыйкат жүргүзөт деп үмүт артам. Анын кош жарандуулугу кандайча чечилерин убакыт көрсөтөт", — деди президент.

Камактагы Дамирбек Асылбек уулу дарылануу үчүн медициналык бөлүмгө которулду
Белгилей кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары коррупцияга каршы жүргүзгөн операцияда тогуз бажы постунда мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөн сегиз кылмыштуу топ жок кылынган. Кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны болгон, алардын бири ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу болгонун ТИМ тастыктаган.

Ал эми Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени айтылган нота Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине келип түшүп, кийин депутаттын "трансулуттук кылмыштуу топтун башчысы" экени белгиленген

Ушу тапта ЖК депутаты оорусуна байланыштуу медициналык бөлүмгө которулганын Акыйкатчы институту билдирди.