БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы ЖМК жетекчилери менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга 40 жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилери чакырылган.
Жыйын алдында президент аял жетекчилерди келе жаткан майрамы менен гүл берип куттуктады.
ЖМК жетекчилери менен президенттин жолугушуусу "суроо-жооп" форматында өтүп жатат.