Милицияны полицияга алмаштыруу менен Кыргызстанда эмне өзгөрөт? Адистердин пикири

Кыргызстанда милицияны полицияга которуу менен абал өзгөрүп кетерине ишенбегендер арбын
Sputnik

Премьер-министр Сапар Исаков март айынын башында коопсуздук боюнча жыйында милициянын аталышын полицияга өзгөртүү маселеси каралып жатканын айткан.

Мындан соң социалдык тармактардын колдонуучулары бул кезектеги эле пайда-батасы жок кадам деген пикир айтып, талаш-тартыш жаралган.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги мындай аракеттин өлкө үчүн эмне маани-маңызы бар экенин укук коргоо тармагындагы адистерден сурап көрдү.

Күч органдарынын ардагери Дмитрий Федоров өкмөттүн бул кадамын курулай популизм деп баалады. Анын айтымында, милициянын аталышын эмес, ишин өзгөртүү керек.

Ветеран министерства внутренних дел КР Дмитрий Федоров

"Сапар Исаковдун "Милиция — бул милитаристтик орган, полиция элге жакын болот" дегенин кандай түшүнсө болот? Менимче бул курулай популизм. Мындай олуттуу чечимдерди кабыл аларда анын максаты, каражат булактары жана ал ишке ашкандан кийин эмне өзгөрүү болору так аныкталышы зарыл. Бул сыяктуу реформаларды жасоодо "жасап көрөлү, калганын көрө жатарбыз…" деген ыкма жарабайт", — деди Федоров.

Өкмөт полиция менен милициянын айырмасын түшүндүрүп берди
Адис демилгечилер полиция менен милициянын анык айырмасын иликтеп көрбөгөндөй элес калтырганын айтып, милициянын ишмердүүлүгүн аныктап турган мыйзам, документтер бар экенин кошумчалады.

Федоровдун пикиринде, элдин милицияга ишеними аз экенине дал ошол документтерде көрсөтүлгөн милдеттердин так аткарылбай жатканы себепкер.

"Андыктан атын өзгөртүүнүн зарылдыгы жок, тек гана туура иштегенди үйрөнүш керек. "Запорожецке" Mercedes унаасынын белгисин тагып койсоң эле ал Mercedes болуп калбайт да", — деди ардагер.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков укук коргоо органдарына реформа абдан керек экенин айтат.

Генерал-майор, эксперт по безопасности, экс-заместитель председателя ГКНБ Артур Медетбеков

"Полицияга өтүп калсак, милдеттүү түрдө юридикалык жактан такшалган, мыкты эксперттик комиссия түзүп, полиция кызматына алынчу адистердин баары ошол топтун тыкыр текшерүүсүнөн өтүшү зарыл. Ал эми каражат жагын айтсак, мамлекеттик бюджет тартыш болгондуктан, чет элдик донорлордун салымы болушу мүмкүн. Анткени кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга дагы бир топ каражат, күч керектелет", — деди Медетбеков.

Анын айтымында, эгер реформанын ичине жогоруда айтылгандар камтылса, андан баш тартуу болбойт. Ал эми жөн гана аты өзгөрсө, реформа деп убара болбой эле койгон жакшы.

Бир нече жыл мурда милицияны полицияга алмаштырган коңшу Казакстанда толук кандуу өзгөрүү болбогонун укук коргоочу жана юрист Евргений Жовтис белгиледи.

Казахстанский правозащитник Евгений Жовтис

"Милиция полиция болору менен эле бардыгы өзгөрүп кеткен жок. Ооба, полиция бийликтин, өкмөттүн жардамчысы экенин айтпай калды. Бирок өзүн кылмыштуулук менен гана күрөшкөн орган катары көрөт. Ал эми полициянын милдетине мыйзамдан чыкпай жашаган жарандарды, алардын эркиндигин коргоо дагы кирет", — деди юрист.

Анын айтымында, полиция ар бир жаранды кылмышка шектүү катары карабаш керек.

"Булар бардык жарандарды майда көздүү элекке салып элеп көрүшү керек, коомго коркунучтуулары ошол жерден билинет деген принцип менен иштешет. Идеалында эл полицияны жөлөнөр тоо катары көрүшү шарт", — деп түшүндүрдү Жовтис.

Адис жакшы мисал деп Балтика жана Грузия мамлекеттериндеги реформаны эсептейт. Ал жакта эл өзүн дароо чындап коргоого алынганын сезип, ал эми кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын башка бөлүмдөрү иш алып барарын кошумчалады.