WEF: украиналык Проценко атаандашы Жээнбековду түртүп ийди. Көз караштар таймашы

Бишкектеги маданий жайлардын биринде эртең, 6-мартта өтө турчу WEF Global 11 турниринин көз караштар таймашы болуп өттү.
Sputnik

"Ак аюну" жеңген Проценко: Тилек Жээнбековго дагы өз ыкмамды колдоном
Иш-чарада спорт сүйүүчүлөрдүн бүйүрүн чемпиондук кур үчүн күч сынаша турчу кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценконун таймашы кызытты.

Алар алгач бири-бирине тике карап, андан соң Проценко атаандашын түрткөндө, Жээнбеков аны мойнунан тартып кучактап койгонун көрүүгө болот.

Кулатуу эр таймаш боюнча беттеш эртең, 18:00дө Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. WEF Global 11 турниринин алкагында 18 беттеш болуп, анын үчөөндө чемпиондук кур ойнотулат.

Турнирдин файткарды менен кененирээк таанышыңыздар.