Kaspersky лабороториясынын өкүлү Чүйдөгү имамдардын интернет сабаттуулугун көтөрдү

Окуу муфтият жана Kaspersky лаборотория тарабынан уюштурулду
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Чүй жана Бишкек шаарындагы имамдар "Интернеттеги коркунучтардын алдын алуу" боюнча атайын окуудан өткөнүн муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Чүйдүн имамдары бирдиктүү формага өтө баштады
Ага ылайык, аталган окуу муфтият жана Kaspersky лаборотория тарабынан уюштурулуп, аны компаниянын Борбор Азия жана Монголия боюнча аймактык кеңсесинин коммерциялык директору Валерий Зубанов өттү. 

Имамдар балдарды кантип социалдык тармактагы азгырыктардан сактоого болорун, интернетттеги вирустардын пайда болуусу жана интернетти туура пайдалануунун жол жоболору боюнча кеңири маалымат алышты.

"Муну менен катар "Баланы кантип интернеттеги азгырыктардан сактоого болот" деген темада кызуу талкуу жүрүп, Kaspersky лабороториясынын коммерциялык директору атайын көзөмөл программасынын негизинде балдардын кайсы жерде жүргөнүн, интернеттен кайсы булактарга кирип жатканын көзөмөлдөөгө болорун айтты", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Axoft фирмасынын директору Санат Гапуров интернеттин жашы жете электерге тийгизген терс таасири тууралуу кенен түшүндүрүп берген.