Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 5-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

"Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жол тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет", — деп айтылат маалыматта.

Чүй, Талас облусунда түнкүсүн —5 градуска чейин суук болсо, күндүз 9…14 градус жылуу болот.

Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 4, күндүз 11…16 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көлдө түндө 1 градус, күндүз абанын температурасы 3…8 градуска чейин жогорулайт.

Нарында түндө 4…9 градус суук болуп, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Бишкекте түндө 2 градуска чейин суук болсо, күндүз күндүн табы 12…14 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош шаарында түндө 2 градус жылуу болсо, күндүз 15 градуска чейин жылыйт.