Жээнбеков Бишкектин Биринчи Май районунун сотун мөөнөтүнөн мурда ишинен бошотту

54 жаштагы сот эмнеден улам иштен алынганы айтыла элек
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мидин Жолдошалиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотконун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

54 жаштагы сот кызматтан кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазып, ага президент кол койгон. Ал эмне үчүн кызматтан кетип жатканы билдирүүдө так айтылбайт.

Буга чейин Жээнбеков коопсуздук комитетинин жыйынында эгер адилетсиздикти байкаса соттордун ишине кийлигишүүгө аргасыз болорун айткан болчу.