БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.
5-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми 6-мартта күн ачык болот.
7-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда. Ал эми Ысык-Көл менен Нарын облустарында күн ачык болот.
Майрам күнү, 8-мартта күндүз жаан-чачын болбойт, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, 7-мартта кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.
9-10-мартта болсо айрым тоолуу аймактарда бир аз кар жаашы мүмкүн. Калган райондордо жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.