Баткенге баратып кыймылдаткычы күйүп кеткен учак боюнча кылмыш иши козголду

Учактын ичинде 96 жүргүнчү болгон. Окуядан жабыркагандар жок
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкек — Баткен каттамын аткарган учактын кыймылдаткычы күйүп кеткен окуяга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Борбор калаадагы аэропорттон Tez Jet авиакомпаниясынын самолету Баткенге 1-март күнү саат 14:22де учкан. Самолет абага көтөрүлгөндө учкуч сол канаттагы кыймылдаткычтын иштебей калганын айтып, авариялык конууга уруксат сураган. Мындан улам учак саат 14.52лер чамасында жерге конуп, 96 жүргүнчү жабыркаган эмес.

Кыргызстандан учакка отуруп кайсы шаарларга түз жетсе болот
ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, министрликтин транспорт боюнча башкармалыгы 280-берененин 1-бөлүгү (Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган мыйзамга ылайык, авиакырсыкка жоопкерчиликтүү тараптарга бир миллион сомго чейин айып пул салынат же бир жыл жылга чейин коомдук жумуштарга тартылат. Андан сырткары, үч жылга жогорку кызматта иштөө, белгилүү ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылат.

Учурда окуяны иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлдү.

Кыймылдаткычы күйүп кеткен учактын ичиндеги видеону жүргүнчүлөр тартып алган