Олимпиада — 2008: КР балбаны Базаргуруев 10 жылдан кийин коло медалга ээ болду

Иш-чара Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында болду
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Балбан Базар Базаргуруевге "Олимпиада – 2008" оюндарынын коло медалы жана акчалай сыйлык тапшырылды. Коло байгени Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов тапшырды.

1 / 2
Балбан Базар Базаргуруевге "Олимпиада – 2008" оюндарынын коло медалы жана акчалай сыйлык тапшырылды.
2 / 2
Коло байгени Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов тапшырды.

Мындан сырткары, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов Базаргуруевге КР өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 2 миллион 209 миң 312 сом, ал эми машыктыруучусу Анаркан Үсөнкановго 552 миң 328 сом ыйгарды.

Сүйүнчү! Кыргызстандык балбан Муслим Евлоев алтын медаль тагынды
Эске сала кетсек, 2017-жылы апрель айында Эл аралык олимпиадалык комитет "Пекин — 2008" Олимпиадасында допинг колдонгон деген спортчуларды атаган. Анда эркин күрөш боюнча 60 килограмм салмак категориясында күмүш алган украиналык Василий Федоришин да болгон. Жыйынтыгында аталган спортчунун күмүш медалы коло байге уткан япон балбаны Кеничи Юмотого ыйгарылып, ал эми коло байге төртүнчү орунду ээлеген казакстандык балбанга берилмей болгон, бирок ал баш тарткан. Мындан улам Кыргызстандын атынан катышкан балбан Базар Базаргуруевге берилмекчи болгон.

Базаргуруев алгач албаниялык балбанды жеңип, мелдештин чейрек финалында Виталий Федоришинден утулуп, ал эми коло медаль үчүн кармашта япониялык Кеничи Юмотодон жеңилип калган. Жыйынтыгында Базаргуруев бешинчи орунду ээлеген.

Балбан тууралуу кызыктуу фактыны сунуштайбыз.