Нуркамал Турсунбекова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева баарлашты.
— Келбетиңизди көрүп көбү башка улуттун кызы деп ойлосо керек?
— Ата-энем экөө тең кыргыз. Бишкек шаарында эле төрөлгөм, бирок балалыгым Караколдо аскер шаарчасында өткөн. Атам аскер кызматкери болгонго тааныштар "баарыңар олуттуу жүрөсүңөр, үй-бүлөңөрдө тартип катуу болсо керек" деп айта берчү. Бирок атам кызматта сүрдүү болгону менен балдарына жумшак эле. Апам медицинада 30 жылдык тажрыйбасы бар дарыгер. Китептен башын албайт. Азыр деле үйгө барып калсаң жумуштан келип алып китеп окуп отурганын көрөм. Атам мен университетте окуп жүргөндө 5-курста ооруп, каза болуп калды.
— Ата-энеңиз дарыгер же аскер кызматкери эмес, журналист болушуңузга кандай карашты?
— Анан кандайча теле жаатына келип калдыңыз?
— Бир тилден экинчи тилге өткөндө кыйналган жоксузбу?
— Жетекчилик "сенин келбетиң кыргыздарга окшош эмес, кыргызча алып барсаң, балким элге да кызык болоор" деп сунуштап калды. Бирок мен орус тилдүү бакчага барып, расмий тилде сүйлөп көнүп калганга башында кыйналып, кыргызча китептерди көп окуп жатып, акыры кыргызча алып барууга өтүп кеттим.
— Дикторлук башка кесиптерден эмнеси менен айырмаланат?
— Теледе аткарылып жаткан ишти өз-өзүнчө карап баалоого болбойт. Кабарчы, диктор, оператор бир процессти баарылап алып барабыз, ар бирибиздин жумушубуз маанилүү. Себеби операторсуз журналист материал жасай албайт, сюжет жок, эфир болбойт дегендей. Андыктан дикторлук кесипти да өз алдынча кароого мүмкүн эмес. Ал эми жалпысынан теледе иштеген адамдар тууралуу айтсам, коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдөн кыя өтө алышпайт.
— Ошол бойдон эле кесибиңиз менен иштебей калдыңызбы? Ата-энеңиз медиа тармагын кандай кабыл алды?
— Каршы болгон жок. "Өзүңдүн күчүң менен ийгиликтерге жетип жатасың, колдойбуз" дешти. Ошентип окуумду бүткөндө өз кесибим менен иштейин деп Мамлекеттик байланыш агенттигине барсам "сен теле тармагында иштеп, журналистиканы өздөштүрүп калыптырсың" деп маалымат катчынын кызматына алды. Ал жакта үч жыл эмгектенип, андан соң "Кыргызстан Сорос " фондусунда, кийин фрилансер катары ар түрдүү уюмдар менен иштеп калдым. Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинде пиар-консультанттык кызмат өтөдүм. Дикторлук кесибимди таштабай НТС телеканалында жаңылыктарды алып барам. Бирок жакында эле кыздуу болгондуктан, азыр өргүүдөмүн. Иштеп жүргөн киши үйдө отура албайт экен. Эл аралык ири долбоор сунушталып, кызымды уктатып коюп түнкүсүн иштеп жаттым. Жыйынтыгы жаман болгон жок.
— Канча балаңыз бар?
— Турмушка чыкканыма төрт жыл болуп калды. Нарынга келин болгом. Кызыгы, мен буга чейин жумуш менен өлкөнүн бардык аймагына барып, бир гана Нарынга барбаптырмын. Туз буюруп, ошол жактын бүлөсү болуп калдым. Үч жашар уулубуз жана төрт айлык кызым бар.
— Жолдошуңуз жумушуңузга кандай карайт?
— Ал менин өсүшүмө ар дайым көмөктөшүп кеңешин берип келет. Колдоосуна абдан ыраазымын. Өзү коммерциялык банктардын биринде филиалдын жетекчиси. Билимдүү адам.
— Нарындыктар жактыбы анан? Келиндин барган жылы эсинен кетпейт эмеспи, андай учурлар баштан өтпөй койбосо керек?
— Ооба, Нарындын элин аябай сыйлайм. Ата-энебиз Бишкекте эле турат, тууган-урук ошол жакта. Тааныштарым "турмушка чыккандан кийин кыргызча сүйлөп калдың" деп айтышат. Жаңы үйлөнгөн жылдары чоң атабыз менен чогуу туруп калдык. Ал киши кыргыздын нукура сөздөрү менен сүйлөп, кээде түшүнбөй калчумун. Нарында чач өрүү деген салт бар экен, мен аны биринчи жолу келин болуп барганда көрдүм. Мени ортого коюп алып аялдар айлана-тегерете отуруп чачымды сары майлап өрүшкөн. Салттардын көбүн үйрөндүм.
Кеп маданияты, диктордук кесип тууралуу Айнура Кабатай кызы менен болгон маекти да бир окуп коюңуз.