БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Евразия мусулмандарынын эл аралык форумунун катышуучулары Борбор Азиянын ичинен кайсы өлкө башкалардан көбүрөөк светтик деп эсептеле турганын айтышты.
"Бул суроого жооп берүү кыйын, эң светтик өлкө кыязы Казакстан го. Азыр форумдун катышуучулары Казакстандын түндүгүнүн алдында, алардын жеринде турабыз. Бизди башка өлкө эмес, Казакстандын мусулмандар башкармалыгы чакырып отурат. Бүгүнкү форум Казакстан өзүн гана ойлобой тургандыгын көрсөттү", — деп айтты Омск облусу менен шаарынын муфтийи Бота Бакулин.
Дин таануучу Досай Кенжетайдын айтымына караганда, жер жүзүндөгү бир дагы мамлекетти толук светтик деп атоого болбойт.
"Албетте, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан светтик өлкөлөр. Эгерде бул принциптер толук сакталган өлкөнү айтсак, албетте, Казакстан. Муну салыштырмалуу айтып жатам. Мен Казакстан абдан светтик деп айтпайм, саясат кылбай туралычы. Дегеле жер жүзүндө толугу менен светтик болгон мамлекет жок. Бул идеология тууралуу эмес, бул ири алдыда — укук деген түшүнүк", — деди Sputnik Казакстанга Яссави атындагы илим-изилдөө борборунун директору Досай Кенжетай.
Булан институту Кыргызстандагы медреседе окугандардын басымдуу бөлүгү кандай үй-бүлөдөн экендигин тактап чыккан.