Ош: үй ээси унаасын туура эмес токтотуп, жалгыз уулунан айрылып калды

Окуя 1-март күнү саат 15:00 чамасында Тургунбаев кѳчѳсүндө катталган
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ош шаарында 27 жаштагы үй ээси Mersedes Benz үлгүсүндѳгү унаасын нейтралдуу абалда үйүнүн алдына токтотуп кирип кеткен учурда унаа артка карай жылып эки жаштагы баласын тебелеп, наристе ооруканада каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, окуя 1-март күнү саат үчтөр чамасында Тургунбаев кѳчѳсүндө катталган.

Кара-Кулжа: Тар суусуна түшүп кеткен кишини жүздөн ашык адам издеп жатат
"Айдоочу унаасын токтоткондо эки жаштагы уулу машинанын артында ойноп жаткан. Унаа баланы тебелеп барып токтоп калган. Ооруканага алып барган учурда ички органдарынын катуу жабыркаганы маалым болгон. Наристе көп өтпөй чарчап калган. Атасы таксист болуп иштей турганын, ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ шашып келип, кайра эле кетүүнү пландаштырганын, унаасынын кол тормозун тартып коюуну унуткандыгын айткан", — деди Сыдыков.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Наристенин туугандары соттук-медициналык экспертиза ѳткѳрүүдѳн баш тартышкан. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине кокустук катары катталып, иликтѳѳ иштери улантылууда.

Ал эми милиция кызматкерлери ар кандай кырсыкка кабылбоо үчүн сак болууну эскертет.