БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Түркмөнстанда 8-март аялдардын эл аралык күнүнө президент Гурбангулы Бердымухамедов кыз-келиндердин ар бирине 40 манаттан (11 доллар) берет. Бул тууралуу "Нейтральный Туркменистан" басылмасы билдирди.
Президенттин кол койгон буйругуна ылайык, акчалай белек менчик ээсинин формасына карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген аялдарга берилет.
Президенттин буйругу студенттерге, окуучуларга жана бала бакчалардын тарбиялануучуларына дагы тиешелүү.
8-мартка карата аялдарга президенттин атынан 40 манат берүү салты маркум президент Сапармурат Ниязовдун тушунда калыптанган. Бул акчага Түркмөнстанда жайкы кийим үчүн кездеменин бир бөлүгүн сатып алса болот.
Ал эми кыргызстандыктар 8-мартка карата төрт күн эс алмай болду.