БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы көлмөгө эки аял чөгүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маркумдар экөө тең 45 жашта болгондугу маалым болду.
"Окуя бүгүн саат 10:45 чамасында болгон. ӨКМдин 10 куткаруучусу эки жарым саатка чукул убакыттан кийин алардын сөөгүн таап чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.
Суучулдар маркумдарды жерлигиктүү милициянын кызматкерлерине өткөрүп берди.
Буга чейин Таласта да 62 жаштагы аял балык кармоо үчүн чыгып кетип, сөөгү дарыянын жээгинен табылган.