Грек-рим күрөшү боюнча КР командасы Азия чемпионатында алгачкы жолу биринчи болду

Казакстан 156 упай менен экинчи, 148 упай менен Өзбекстан үчүнчү орунду ээледи
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы эсеп менен биринчи орунду алды.

Күрөштүн аталган түрү боюнча мелдеш 27-28 февралда өтүп, медалдын 10 комплектиси ойнотулган. 

Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке

Анда кыргыз балбандары 8 медалга — бир алтын, үч күмүш жана төрт колого ээ болду. Бул командалык эсепте Кыргызстанга 157 упай алып келген.

Балбан Махмудов казак атаандашын көтөрүп чаап жеңгенде... Беттештин видеосу
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча курама команда алгачкы ирет Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеп жатат. Казакстан 156 упай менен экинчи, 148 упай менен Өзбекстан үчүнчү орунду ээледи.

Ошондой эле алдыңкы ондукка Япония, Иран, Кытай, Индия, Корея жана Тажикстан кирди.

Азия чемпионатында алгачкы алтын медалды алып келген Акжол Махмудовдун атаандашын көтөрүп чаап, жэңишке жеткени күйөрмандардын бүйүрүн кызытты.