Ди Каприо менен Брэд Питт Тарантинонун тасмасында башкы ролду ойношот

Голливуд жылдыздары тартыла турчу тасма 1969-жылдардагы окуяны баяндайт
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Леонардо Ди Каприо менен Брэд Питт белгилүү режиссер Квентин Тарантинонун жаңы тасмасында башкы каармандардын образын жаратат. Бул тууралуу Газета.ru басылмасы Sony Pictures мекемесине таянуу менен билдирди.

Садык Шер-Нияз Анжелина Жолини Көчмөндөр оюнуна чакырды. Жолугушуунун сүрөт, видеосу
Тасма "Бир жолу Голливудда" деп аталып, 1969-жылдагы окуяны баяндайт. Сюжет боюнча киши өлтүргүч Чарльз Мэнсондун сектасынын жана Шэрон Тейттин өлүмүнүн айланасында өнүгөт.

Ди Каприо телесериалдарга тартылган актер Рик Далтондун образын, Пит анын каскадеру Клифф Бутту ойнойт.

Тарантино жаңы тасманын сценарийин беш жыл жазганын айтты.

"Лос-Анджелес жана Голливуд тууралуу айтып берип жатканыма кубанычтамын. Ди Каприо менен Пит Рик жана Клиффти ойноп жатканына кубанбай коё албайм", — деди ал.

Фильм 2019-жылы 9-августта экранга чыгат. Дал ушул күнү 50 жыл мурда Шэрон Тейт Мэнсондун сектасы тарабынан өлтүрүлгөн.

Ди Каприо менен Брэд Питт алгачкы жолу бир тасмага чогуу тартылууда.

Январда айрым ЖМКлар Ди Каприо белгилүү режиссер Тарантинонун жаңы тасмасында жумушу жок актерду ойной турганын жазышкан.