БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек — Баткен каттамындагы учак авариялык абалга байланыштуу орто жолдон кайра "Манас" аба бекетине конду. Бул тууралуу аталган каттамдын жүргүнчүлөрү Facebook баракчасы аркылуу билдиришкен.
"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирүүнү тастыктап, учак Tez Jet компаниясына тиешелүү экенин белгиледи.
"107-каттам орто жолдон Бишкекке кайтып келип, жүргүнчүлөрдүн бардыгы учактан түшүрүлдү. Себептерин компания өкүлдөрү айтып берет", — деди Курбанова.
Ал эми Tez Jet компаниясы азырынча маалыматты өздөрү тактап жаткандыктан эч кандай комментарий бере албай тургандыгын айтты. Ошондой эле учурда "Манас" аэропортунда атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады.
Былтыркы жылдын апрель айында да аталган авиакомпаниянын Бишкек — Ош каттамындагы учагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кайра "Манас" аба бекетине конууга аргасыз болгон.