Кыргыз депутатынын кармалышын эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери талкуулады

Эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери Будапеште жолугуп, бир катар маселелерди талкуулашкан. Анын ичинде Казакстанда кармалган ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулунун маселеси да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы жана жарандыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери пикир алышты. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эрлан Абдылдаев казак кесиптеши Кайрат Абдрахманов менен 27-февралда Будапеште "Борбор Азия+Вышеград тобу" министрлердин пленардык жыйынынын алкагында жолугушкан.

Аткаминерлер мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги сапарлар менен жолугушуулардын графигин, андан сырткары саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча сүйлөшкөн.

"Ошондой эле ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камалышы жана жарандыгы боюнча процедуралык маселелер дагы каралды", — деп айтылат маалыматта.

Депутат Асылбек уулунун кош жарандыгы эмнеге текшерилген эмес? Маморгандардын жообу
Эске салсак, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары коррупцияга каршы жүргүзгөн операцияда тогуз бажы постунда мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөн сегиз кылмыштуу топ жок кылынган. Кармалгандардын ичинде Кыргызстандын үч жараны болгон, алардын бири ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу болгонун ТИМ тастыктаган.

Ал эми Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени айтылган нота Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине келип түшүп, кийин депутаттын "трансулуттук кылмыштуу топтун башчысы" экени белгиленген.