Белек Солтоноевдин 140 жылдыгына арналган китеп көргөзмө өтөт

Солтоноев 1938-жылы жалган жалаа менен атылып, кийин 1955-жылы кайра акталган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бүгүн улуттук китепканада кыргыз адабиятында проза жанрын баштоочуларынын бири, агартуучу, тарыхчы-этнограф, фольклорист, акын, жазуучу, котормочу Белек Солтоноевдин 140 жылдыгына арналган китеп көргөзмө өтөт. Бул туурасында аталган китепканадан билдиришти.

Белек Солтоноев 1878-жылы Чоң-Кеминдин Экинчи Жантай айылындагы Үч-Булак деген жерде кедей үй-бүлөдө туулган.

Өз киндигин өзү кескен Шайлообек Дүйшеев. Акын тууралуу 5 факты
Ал Каюм Мифтаков менен биргелешип фольклордук жана тарыхый материалдарды чогултуп "Манас" эпосун манасчылардан жазып алуу ишин баштаган. Андан тышкары, өлкөнү таануу илимий институтунда, Эл агартуу комиссариатынын маданият курулуш илим изилдөө институтунда, Борбордук архивде иштеген.

Солтоноевди алгач эл арасына кыргыз тарыхынын изилдөөчүсү катары "Кызыл кыргыз тарыхы" (1934) аттуу эмгеги тааныткан.

Орус адабиятынын улуу классиктери Толстойдун "Пил"", "Бугу", Жуковскийдин "Эки чычкан", "Колго түшкөн чымчык", Шиллердин "Мээлей" аттуу чыгармаларын 1921-жылы кыргыз тилине которгон.

Кыргыз профессионал адабиятынын өнүгүп-өсүшүнө өзүнүн зор салымын кошкон Солтоноевге контр-революциялык "Алаш Ордо", "Социал-Туран" партиясынын активдүү мүчөсү деген жалган жалаа менен күнөө коюлуп атууга өкүм чыгарылган. Ал 1938-жылы ишке ашырылып, тарыхчы кийин 1955-жылы кайра акталган.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги жазуучу Мукай Элебаевдин 1941-жылы жазган күндөлүгүнөн үзүндүлөрдү жарыялаган.