Соцөнүктүрүү министрлиги 8-мартка карата эс алууну эмдигиче айта элек

8-март аялдардын эл аралык күнү бейшемби күнгө туура келет
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 8-мартка карата кыргызстандыктардын дем алыш күндөрү боюнча расмий чечим алигиче айтыла электигин Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыш акыркы каарын чачып, кар жаайт. Алдыдагы үч күндүн аба ырайы
Аталган министрлик өткөн жылдын октябрь айында 2018-жылы белгилене турган 13 майрамдын тизмесин жарыялаган. Алардын ичине кирген 8-март бейшемби күнгө туура келет.

Белгилей кетсек, жыл башында жаңы жылдык дем алыш күндөрү жылдырылып кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алган. Ал эми 23-февраль жума күнгө туш келип жарандар үч күн катары менен эс алышкан.