Собчак Жириновскийге стакандагы сууну чачып ийди

Саясатчылардын ортосундагы кайым айтышуу түз эфирде Россия президенттигине талапкерлердин теледебаты учурунда болгон
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Россиянын президенттигине ат салышып жаткан талапкер Ксения Собчак ЛДПРдин башчысы Владимир Жириновскийге "Россия 1" каналынын түз эфириндеги теледебатта стакандагы сууну чачып ийди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Саясатчылардын ортосундагы кайым айтышуу талапкерлердин бири Сергей Бабурин сүйлөп жатканда болгон.

Жириновский Бабуриндин сөзүнө берилген убакыт учурунда кийлигишкен. Собчак тынч болууга чакырганда Жириновский ага "жинди" деп кыйкырган.

"Базарда жүргөн кыздарды бул жакка алып келбеш керек болчу. Мунун баары булганыч. "Дом-2" бул бузукулук. Оозун жапсын", — деп Жириновский жинденген.

Аида Салянова Жогорку Кеңеште кесиптештери менен коштоштубу?
Собчак "Дом-2" долбоорунун катышуучулары сизге караганда өзүн жакшы алып жүрөт" деп жооп кайтарган.

Жириновский Собчакка карата дагы жаман сөздөрү айтканда, ал стакандагы сууну анын бетине чачып ийген.

"Өзүңөрдү жакшы алып жүргүлө. Мен сиздин методду колдоном", — деп Собчак сөзүн улады.

Жириновский Собчакты түз эфир учурунда сөгүп жиберген.

Россияда президенттик шайлоо 18-мартта болот.