Балбан Махмудов казак атаандашын көтөрүп чаап жеңгенде... Беттештин видеосу

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 72 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча беттешке чыккан кыргызстандык Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча алтын тагынып, Азия чемпиону болду.
Sputnik

Сүйүнчү! Акжол Махмудов алтын тагынып Азия чемпиону болду
Ал финалда казакстандык Демеу Жадраев менен кез келип кыл чайнашкан беттеш өткөрдү. Махмудов оюндун биринчи бөлүгүндө 7:4 эсеби менен алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө казакстандык спортчу активдүүлүгүн көрсөтүп эсеп санын алтыга чыгарды. Бирок кыргыз балбаны намсыты колдон чыгарбай аягында 8:6 эсебинде жеңишти камсыздады.

Махмудов буга чейин биринчи айлампада иорданиялык атаандашы Ахмад Махмуд Ахмед Дахшанды 12:2, экинчи кармашында индиялык каршылашын 8:0 эсебинде утуп алган. Ал эми жарым финалда 7:0 эсеби менен япониялык спортчуну багындырып, финалга жолдомо алган.