Каныбек Жолчубеков ирандык атаандашын көтөрүп чаап, коло байге утту

Каныбек Жолчубеков биринчи беттешинде япониялык Шинобу Ота менен кармашып жеңилип калган болчу
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 60 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашкан Каныбек Жолчубеков коло медалды багындырды.

1 / 2
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 60 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашкан Каныбек Жолчубеков коло медалды багындырды.
2 / 2
Балбан биринчи беттешинде япониялык Шинобу Ота менен килем үстүнө чыккан. Бирок атаандашы далыга басып таза жеңишти камсыздаган. Андан соң япониялык балбан финалга чыккандыктан Жолчубековго коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Жылмайган Турганбаев, сүрөөнү күч ирандыктар. Азия чемпионатынын ачылышы сүрөттө
Балбан биринчи беттешинде япониялык Шинобу Ота менен килем үстүнө чыккан. Бирок атаандашы далыга басып таза жеңишти камсыздаган. Андан соң япониялык балбан финалга чыккандыктан Жолчубековго коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. КР балбаны бул беттеште ирандык спортчу менен күч сынашты. Оюндун экинчи бөлүгүндө ал каршылашын партерден көтөрүп чаап, оюн бүтөрүнө 40 секунд калганда далысын жерге тийгизип таза жеңишти камсыздады.