Эрдоган ыйлаган секелекти шейит болсо жерге ардактап берилерин айтып сооротту

Президент Кахраманмараш шаарында партиянын жыйынында сүйлөп жатып, аскер формасын кийип көзүнө жаш алган секелек кызга көңүл бурду
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кахраманмараш шаарында партиянын жыйынында кадеттердин училищесинде окуган алты жашар кызды "эгер мекен үчүн жанын курман кылса ардактап жерге беребиз" деп сооротту. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазды. 

Түркиянын элиталык отрядынын атайын аскерлеринин формасын, кочкул кызыл беретка кийген секелек кыз президенттин көңүлүн бурган. Ал кызды сахнага чакырып, кочкул кызыл беретка кийген аскерлер ыйлабай турганын айтты.

"Бул жерде ким турат! Кызым, сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң? Кочкул кызыл беретка кийген аскерлер ыйлабайт. Чөнтөгүндө Түркиянын желеги бар экен. Эгер ал мекен үчүн курман болсо желекке ороп жерге беребиз. Ал бардыгына даяр", — деди Эрдоган.

Чогулгандардын алдында кыздан "ошондойбу?" деп сураганда секелек чечкиндүү жооп берген. Өлкө башчы кызды бетинен өөп, коё берген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекет башчысынын бул кадамын балдарды саясий максатта колдонуп жатат деп сындашты.

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган дагы аскерде кызмат өтөгөн. Ал учурда кандай эле?