Радио

Акматов: акындарды төкмө деп атоо туура эмес

Баян Акматовдун айтымында, учурдагы төкмө аталган акындардын көпчүлүгү бул талапка жооп бербейт
Sputnik
Акматов: акындарды төкмө деп атоо туура эмес

Акындарды төкмө деп атоо туура эмес. Бул тууралуу акын Баян Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурдагы төкмө аталган акындардын көпчүлүгү бул талапка жооп бербейт.

"Бул сөздүн чыгуу себеби мындай. Алымкул Үсөнбаев менен Ысмайыл Борончиев экөө суунун шарындай төгүлүп ырдаган. Аны уккан эл булар суудай төгүлүп турган акындар экен деп, Алымкул төкмө, Ысмайыл төкмө атка конушкан. Азыркы учурда төкмө акын аталып келе жаткан көп акындар бул титулга татыктуу эмеспиз чынында. Акындарды да ар кандай кылып бөлүп коюш керек деп ойлойм. Бирин айтышкер акын, экинчисин жарчы, дагы бирин жамакчы десек болот", — деди Акматов.

Акын бул жаатта тереңирээк изилдөө керек экендигин кошумчалады.