Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды

Ушул тапта Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтүп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды.

1 / 3
Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга татыды
2 / 3
Ал буга чейин чейрек финалда Корлан Жаканшаны 10:2 эсебинде, жарым финалда кытайлык Лигуо Каону 8:0 эсебинде уткан
3 / 3
Ал эми алтын медаль үчүн кармашта япониялык каршылашы Шота Танакурага 4:5 эсебинде жеңилип, экинчи орунду ээледи.

Азия чемпионаты. Грек-рим күрөшүнүн финалынан түз алып берүү
Ал буга чейин чейрек финалда Корлан Жаканшаны 10:2 эсебинде, жарым финалда кытайлык Лигуо Каону 8:0 эсебинде уткан. Ал эми алтын медаль үчүн кармашта япониялык каршылашы Шота Танакурага 4:5 эсебинде жеңилип, экинчи орунду ээледи.

Ушул тапта Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча медалдын 5 комплектиси ойнотулмакчы.

Азия чемпионатынын жүрүшү менен тексттик трансляциядан таанышыңыздар.