Аматов менен Шаршенбеков күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыгышты

Финалдык беттеш бүгүн, 18:00дө Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Ушул тапта Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтүп жатат.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча медалдын 5 комплектиси ойнотулмакчы.

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Кыргыз балбандарынын ичинен Жоламан Шаршенбеков (55 килограмм) менен Урмат Аматов (63 килограмм) Азия чемпионатынын финалына чыгышты.

Урмат Аматов чейрек финалда корей балбанын 2:1 эсебинде утуп, жарым финалда япониялык спортчу Инагучини 8:7 эсебинде жер караткан. Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда Корлан Жаканшаны 10:2 эсебинде, жарым финалда кытайлык Лигуо Каону 8:0 эсебинде утту.

Азия чемпионатынын жүрүшү менен тексттик трансляциядан таанышыңыздар.