Президент Жээнбеков Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок

Жээнбеков Ниязовго мындан ары да бирге иштешүүнү сунуштаган
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду кабыл алган. Анда Ниязов кызматтан кетүү тууралуу оюн билдирген, бирок Жээнбеков сунушту кабыл алган эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Жээнбеков Ниязовго мындан ары да бирге иштешүүнү сунуштаган.

"Ниязов дүйшөмбүдө кызматтан кетүү тууралуу арызы менен президентке кирген. Бирок президент ага кол койгон эмес. Ниязовдун шайлоодон кийин эс албагандыгын эске алып, бир жума эс алууну сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.

Фарид Ниязов декабрдын башында президент аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.