Бишкекте жол кырсыгын шарттаган автобус эки машинаны жабыркатты. Сүрөт

Кырсыктан эч ким олуттуу жаракат алган эмес
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. №6 автобус жол кырсыгына себепкер болуп жол тандабасты барып сүзгөн. Бул тууралуу күбө "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасында маалымдады.

Анын айтымында, окуя түшкү саат экилер чамасында болгон.

"Жол кырсыгы Ахунбаев көчөсүндө Ататүрк паркынын кире беришинде болду. Жүргүнчү ташып бараткан автобус Lexus GХ-470 үлгүсүндөгү жол тандабасты сүзүп, ал "Жигули" машинасына барып урунду", — деди күбө.

Бишкекте эки күндүн ичинде 50 маршруттук такси айып короого токтотулду
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы фактыны ырастап, жол кырсыктан эч ким жабыркабаганын айтты.

"Кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери келип, жеринде протокол түзүшкөн", — деп милициядан маалымдашты.

Эгер жүргүнчү ташыган компаниянын айдоочусу адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын себепкери болсо мекеме кандай жоопко тартылары айтылды.